$ ...
€ ...
₽ ...

Басма сөз билдирүү Бишкекте Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен комиссиясынын 3-жыйыны өтөт

2023-жылдын 14-октябрында, саат 16.00дө Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен  Венгриянын тышкы иштер жана соода министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Тамаш Менцердин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен комиссиясынын 3-жыйыны өтөт.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү перспективаларын талкуулашат.

Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Тараптар соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, туризм, экология, фармацевтика, энергетика, билим берүү жана башка тармактарда кызматташууну камтыган Протоколго кол коюшат.

Визиттин алкагында Венгрия делегациясынын башчысы Т.Менцер мырза менен КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев жана КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басарынын ортосунда эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.

Поделиться в социальных сетях