$ ...
€ ...
₽ ...

Депутаттар Медербек Алиев жана Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 14-ноябрда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Медербек Алиев жана Аманкан Кенжебаев эл менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер жана эскилиги жеткен имараттарды жаңылоо муктаждыктары көтөрүлдү. Муну менен катар, ушундай эле көйгөйлөр билим берүү жана маданият жаатында да орчундуулугу белгиленди.

Сокулук районуна болгон иш сапардын жыйынтыгында райондук мамлекеттик администрациясында райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери менен жыйын өткөрүлүп, эл өкүлдөрү жарандардан келген кайрылууларды жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелери боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды беришти.

Жыйынтыгында өткөрүлгөн жыйын боюнча иш план түзүлүп, депутаттар берилген тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынарын белгилешти.

Поделиться в социальных сетях