$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан каракчылык фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды.

2023-жылдын 21-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Р. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 07:30 чамасында жабырлануучуга Бишкек шаарындагы Гоголя көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрүнүн коросунун биринде күч колдонуп 40 мин сомдук “Айфон 11Pro” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине ылайык (Каракчылык) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ш. Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994 жылы туулган М.Р. аттуу жана 1996 жылы туулган Р.Т. жарандар кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Басма-сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях