$ ...
€ ...
₽ ...

РФнын Москва шаарында КР УКМК тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган КР жараны кармалды

КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны “К.Н.К.” мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.


Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “К.Н.К.” Россия Федерациясынын аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинди.
Учурда соттун санкциясынын негизинде “К.Н.К.” 2023-жылдын 20-ноябрына чейин КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях