$ ...
€ ...
₽ ...

Нарында банкоматта кезек күтүп турган кызды сабаган жаран аныкталды

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Нарын шаарынын тургуну 2003-жылы туулган К.А. чалып “Нарын шаарынын борбордук базарынан мен тааныбаган бир адам эч себепсиз уруп-сабап жатат деп билдирген”.
Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнүн МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө, окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу барганда, Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну 2003-жылы туулган К. А.Н. 2023-жылдын 14-ноябрь күнү саат 10:40 чамасында “Чолук-Ата” соода борборунун ичиндеги РСК банкынан акча каражатын чечейин деп жаткан учурда кезек талашып жашы болжол менен 30 жаштардагы азият улутундагы эркек адам жаакка бир ирээт чаап, качып баратсам муштум менен башымдын оң тарабына чабып, дагы эптеп качып баратсам аркамдан кубалады, денеме жаракат келтирди, ушул адамды табып мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү сурайм – деген арызы менен кайрылган.

Азыркы учурда, арзы ээси А.Кга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. болгондугу аныкталган.

Эгерде кошумча маалымат болсо, дароо тез-аранын ичинде билдиребиз.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях