$ ...
€ ...
₽ ...

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, «мефедрон» баңги заты табылып алынды

2023-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги кылмыштуу тобунун мүчөсү «Ж.А.Г.» кармалды.
Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы “Манас аэропорту – Бишкек шаары” унаа жолунда, чет элдик жаран, жалпы салмагы 9 кг 980 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңги затын алып жүргөнү аныкталып, 09.09.1981-жылы туулган «Ж.А.Г.» аттуу жаран кармалды. Аталган заттын 1 кг базар баасында 6000 сому түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 59 880 000 сомго жеткен.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Жогоруда кармалган адам тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
Бүгүнкү күндө синтетикалык келип чыккан дары-дармектердин жаңы түрлөрүнүн динамикалык пайда болушуна байланыштуу, ошондой эле таратууну жана сатууну уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылган коммуникация ыкмалары (Интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн жаштар кеңири тартылууда. Буга байланыштуу КР УКМКсы ата-энелерди балдарына ар дайым көз салып, алардын убактысын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкан адамдар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта да активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях