$ ...
€ ...
₽ ...

N24 орто мектебинде дарыкана баңгилиги боюнча ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү

N24 орто мектебинин актовый залында мектеп окуучуларынын арасында дарыкана баңгилиги боюнча ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, КР ИИМдин Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, Акылбек Жоорбаев, Балдардын иштери боюнча инспекция Максат Жапаров бул коркунучтуу тенденция тууралуу ата-энелер менен бул маселени талкуулады.

Жолугушуу учурунда катышуучуларга өспүрүмдөрдүн кооптуу хоббиси тууралуу айтып, видеороликтер көрсөтүлүп, андан соң каалагандар кызыккан суроолорун бере алышты.

Белгилей кетсек, дарыкана баңгилиги- бул медициналык максатта эмес, психоактивдүү эффектке жетүү максатында колдонулган дарыларга туруктуу психикалык жана физикалык көз карандылык.

Эгерде сиз баңгизаттарды жайылтуунун мүмкүн болгон фактылары жөнүндө кандайдыр бир маалыматтар жөнүндө кабардар болсоңуз, төмөндө көрсөтүлгөн атайын номерлер боюнча анонимдүүлүк шарттарында бөлүшө аласыз, ошондой эле биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбызга жаза аласыз.

Поделиться в социальных сетях