$ ...
€ ...
₽ ...

Төрага Нурланбек Шакиев залкар калемгер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылышына катышты

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев чыгаан жазуучусу, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Ошондой эле иш-чарада депутаттар, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери жана окурмандар болду.

Төрага Нурланбек Шакиев жазуучунун өмүр жолуна жана жазган эмгектерине токтолуп: “Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармалары аркылуу өзү жашаган доордогу кыргыз калкынын кулк мүнөзүн, жашоо-шартын, көздөгөн максатын жана көксөгөн идеясын көркөм сүрөттөгөн. Адабиятыбыздын алпы катары жаш акын-жазуучулардын бүтүндөй бир мектебин түптөп, көптөгөн шакирттерге устаттык кылган. Ал гана эмес Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков өңдүү калемгерлерге арка-бел болуп, айрым учурда тоталитардык бийликтин камчысынан калкалап турган”, – деди.

Ошондой эле Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармачылык чөйрөдө гана эмес, коомдук турмушта да аксакалдык милдетти аркалаганын баса белгилеген Нурланбек Шакиев: “Эне тилин билүү – эң башкы маданият”, – деген залкар жазуучу кыргыз тилинин келечеги үчүн күрөшүп, улуттук баалуулуктарды коргоодо чоң эмгек жумшаган. Катаал системанын каарынан коркпой, элдин эртеңине кам көргөн. Мекенчилдиги жана кайратмандыгы менен калкынын урмат-сыйына татып, көзүнүн тирүүсүндө эле улуттун атасы катары таанылган. Эгемендиктин алгачкы жылдары кеп-кеңешин айтып, журттун башында турган. Андыктан Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнө өзү түбөлүктүү эстелик куруп кеткен улуу инсандарыбыздын бири десек жаңылышпайбыз”, – деп билдирди.

Муну менен катар залкар калемгердин чыгармаларын кайрадан басып чыгарып, жайылтуу азыркы муундун милдети экенин айткан Төрага адабияттын өнүгүшү коомдун жаңылануусуна жардамчы болорун кошумчалады.  

Эскерте кетсек, Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Өмүрүн чыгармачылыкка арнап, көптөгөн романдарды, поэма, очерк, аңгемелерди жазган калемгер 1997-жылы каза болгон.

Поделиться в социальных сетях