$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкекте жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча пресс-кафе өттү

2020-жылдын 17-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча глобалдык стратегиясы кабыл алынган.

Кыргызстанда 17-ноябрдан тарта жатын моюнчасынын рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айлыгы башталды. Анын алкагында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкекте жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча пресс-кафе болуп өттү.

Жолугушууда катышуучулар жатын моюнчасынын жана эмчек рагы сыяктуу аялдардын ден соолугунун көйгөйлөрүн азайтуу боюнча учурдагы саясатты жана 2022-2030-жылдарга жатын моюнчасынын рагын жоюуну тездетүү боюнча максаттарды талкуулашты:

  • 90% 15 жашка чейинки кыздарды АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү
  • 70% 35 жаштагы аялдарды скринингден өткөрүп ооруну эрте аныктоо жана бул текшерүүнү 45 жашында кайрадан кайталап жүргүзүү
  • 90% дарт аныкталган аялдарды көзөмөлгө алып эрте дарылоону баштоо.

Иш-чарага КР ЖК депутаты, ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Р.Асылбашева, ДССУнун улуттук кызматкери А.Алтымышева, Улуттук Онкология жана гематология борборунун директору Б.Султангазиева, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Б.Шамырканова катышып журналисттердин суроолоруна жооп беришти.   

Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү роль ойнойт, ошондуктан аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке бакубаттуулукка гана эмес, бүтүндөй коомдун чыңдалышына өбөлгө түзөт.

Профилдик адистер эрте диагноз коюунун маанилүүлүгү жөнүндө токтолуп, рак ооруларынын ичинен бир гана жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын эмдөөнүн жардамы менен алдын алууга жана аны менен аялдын өмүрүн узартууга болорун айтып, элге маалымат жеткирүүдө журналисттердин салымы чоң экенин белгилешти. Ушул максатта биргеликте иш алып барууну талкуулашты.

Саламаттык сактоо министрлинин башкы адиси белгилегендей, жатын моюнчасынын рагы аялдардын рак ооруларынын арасында сүт безинин рагынан кийинки экинчи орунда турат.

«Тилекке каршы, бейтаптар медициналык жардамга өтө кеч, процессти токтотуу мүмкүн эмес болуп калган үчүнчү жана төртүнчү даражасында кайрылышат. Дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн узартууга аракет кылышат. Бирок, жалгыз саламаттыкты сактоо системасынын аракети жетишсиз. Ар бир аял 45 жаштан кийин пландуу текшерүүдөн өтүп, оорунун алдын алуу үчүн гинекологдун көзөмөлүндө болушу керек», – деди Раиса Асылбашева.

Жыйындын жүрүшүндө, 17-ноябрда жарыяланган жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча Бирюза түстүү ноябрдын алкагында КР ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаевага ДССУнун “Жатын моюнчасы жана сүт безинин рагына каршы күрөшүү боюнча ыктыярдуу элчиси” сертификаты тапшырылды.

Өз сөзүндө ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, айымдарыбыз убагында керектүү изилдөөлөрдөн өтүп турушса бул дагы чоң жетишкендик болоорун белгилеп, өспүрүм кыздарды АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү дагы ооруну алдын-алуунун бирден-бир жолу болорун айтты. Ошондой эле бул ишке колдоо көрсөтүп мындан ары да өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях