$ ...
€ ...
₽ ...

Финансы министрлиги чакан жана орто бизнестин ишкерлери менен жолугушту

Эл аралык жеке ишкерлик борбору (CIPE) өткөргөн окуу семинарында «микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун директору Бермет Мусакожоева презентация көргөздү.     

Чакан жана орто бизнестин ээлерине пайызсыз насыя алуунун шарттары менен таанышышты. Семинарга 2 жылга жакын убакыттан бери иштеп келе жаткан жылдык жүгүртүүсү 100 миң доллардан ашкан ишканалардын 40тан ашык өкүлдөрү катышты. Ишкерлер долбоордун алкагында каржылык жардам алуунун жол-жоболору боюнча суроолорду беришти. Тренинг Борбордук Азиядагы бизнес-чөйрөнү жакшыртуу программасынын (IBECA) алкагында өттү. IBECA программасы жергиликтүү жеке секторго, анын ичинде чакан жана орто ишканаларга жана аялдар жетектеген ишканаларга рынокко багытталган институционалдык жана жөнгө салуучу реформаларды илгерилетүү үчүн жардам көрсөтүүгө багытталган.

Поделиться в социальных сетях