$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек ШИИББнын  ыкчам кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды.

2023-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге С.Ж., аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүу  арызы менен кайрылган. Анда ошол эле  күнү саат 20:30 чамасында Батыш автобекетинин аймагында жүрүп, шымынын чөнтөгүнөн 24 миң сом турган “RedmiS” маркасындагы уюлдук телефонун жашыруун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делген кылмышкердин изине түшүп, борбор калаанын Ош базарынын аймагынан мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган Г.У. аттуу жаран кармалган. Андан соң райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Өздүк тинтүү учурунда шектүүдөн мурда жашыруун уурдалган уюлдук телефон табылып, алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях