$ ...
€ ...
₽ ...

Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды

КР УКМК тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Д. аттуу жарандын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюлду.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын А.Д. аттуу жаранынын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Симонов системасындагы ок-дарылары (7,62 мм.) менен карабин, Калашников автоматын (5,45 мм) патрондору жана 9 мм калибрдеги тапанчанын патрондору табылып, алынды. Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылган.
Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Поделиться в социальных сетях