$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек ШИИББге Ж.А. аттуу жаран Р.Н.га карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 27-ноябрында Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин жанында ишенимге кирип, көбөйтүү шылтоосу менен алдамчылык жолу менен 68 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражаттарын ээлеп алган. Андан кийин убадасын аткарбай, жашырынып кете баштаган.

Аталган фактынын негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Р.Н. жаран аныкталган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери анын ушул сыяктуу 4 кылмышка тиешеси бардыгын аныкташкан.

Поделиться в социальных сетях