$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы өтүүдө.

2023-жылдын 30-ноябрынан тарта Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Биринчи күнү борбор калаанын милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштей турган жерлерди текшеришти. Эреже катары, бул сауналар, мейманканалар, ижарага алынган батирлер. Аткарылган иштердин жүрүшүндө милиция 60тан ашык кызды аныктап, алардын арасында 4 жашы жете элек кыздар болуп чыкты.

Аталган фактылар райондук ички иштер башкармалыгына жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдарынын жүрүшүндө ар кандай мессенджерлерде мурда түзүлгөн топтор жана жамааттар аныкталган, алардын катышуучулары социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар болгон.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө тиешеси бар адамдарды жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар жарандарды аныктоо иштери улантылып, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Толук маалыматты кийинчерээк беребиз.

Поделиться в социальных сетях