$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар тоноо фактыларына шектүүлөр кармалды

2023-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге А.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ушул  эле жылдын 18-ноябрынан 19-ноябрына караган түнү М.Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан футбол аянтчасынын жанынан күч колдонуу менен ачык түрдө суммасы 11 миң 500 сом акча каражаттарын ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге  Н.Н. аттуу жаран 2023-жылдын 18-ноябрынан 19-ноябрына караган түнү М.Ганди көчөсүндөгү сейил бакта жүргөндө анын жашы жете элек инисине күч колдонуп, ачык түрдө 20 миң 500 сом турган«POCOX3» маркасындагы уюлдук телефонду ээлеп, андан соң качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган фактылардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иштери козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Х.К. 2001-жылы туулган Б.Б. 2005-жылы туулган жарандар райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө борбор калаадагы күрөөканалардын биринде мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон күрөөгө коюлганын аныктаган.

Поделиться в социальных сетях