$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармашты.

2023 жылдын 3-декабрь куну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.К. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда ал белгисиз адамдардын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын 3-декабрь күнү саат 11:30 чамасында борбор калаанын 3-кичи районунда «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алып, андан кийин көрсөтүлгөн унаада белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт Октябрь РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автотранспорт каражатын басып алуу) ылайык сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан изи сууй электе кылмышка шектүү 2004-жылы туулган М.Д. жараны аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях