$ ...
€ ...
₽ ...

Мындан ары жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана өлгөндүгү тууралуу маалымкатты алуу үчүн аралыктан электрондук арыз беришсе болот

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор башталат

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   

Тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин   

2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштайт.  

Тескеменин максаты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик катто кызматтарына арыз ээлеринин көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу  жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек буга чейин, 2022-жылдын 3- октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймактарында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлгөн. Анын алкагында 2023-жылдын сентябрынын башына карата Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздардын негизинде 86 баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп, анын ичинен 32 үйүнө жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях