$ ...
€ ...
₽ ...

ОшМУда «Молдо Нияз Эрназар уулу» даректүү-көркөм тасмасынын бет ачары өттү

Тасманын бет ачар аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасынын сценарийинин автору КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров,  “Молдо Нияз мурастары” фондунун төрагасы Айтмат Аззамжан уулу, ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү жана маданият мекемелеринин өкүлдөрү, тасманы жаратууда катышкан чыгармачыл инсандар катышты.

Даректүү-көркөм фильм алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата тартылган. Тарыхый тасманын сценарийин Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров жазган, фильмдин режиссеру – Медербек Ниязалиев, башкы продюсери – Кудайберди Кожобеков.

«Молдо Нияз Эрназар уулу» даректүү-көркөм фильмин тартууга даярдык 2023-жылдын январь айында башталган. Фильмдин басымдуу бөлүгү Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак айылдарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жана Өзбекстан Республикасынын Маргалан шаарында тартылды”, – деди фильмдин режиссеру Медербек Ниязалиев.

Даректүү тасмада башкы каарман Молдо Нияздын бала кездеги образын Амир Термечиков, 17 жаштагы образын Максат Дарибаев, 40 жаштагы образын Айбек Жунусов, ал эми 80 жаштагы образын Райымкул Мураталиев жараткан.

Тасманы жаратууда салым кошкон чыгармачыл топко Ош мамлекттик университетининАрдак грамоталары, ыраазычылык каттары жана “Молдо Нияз мурастары” фондунун юбилейлик медалдары тапшырылды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылы Эл агартуунун 100 жылдыгына карата жогорку окуу жайлар менен биргеликте алдыңкы 100 агартуучу тууралуу даректүү фильм тартуу демилгесин көтөргөн. Бул даректүү тасмалар мамлекеттик жана улуттук телеканалдар аркылуу коомчулукка көрсөтүлөт.

Поделиться в социальных сетях