$ ...
€ ...
₽ ...

“Аудит-Финучет” аудитордук компаниясы КР УКМК органдарынын атынан жашырынып, коркутуп-үркүтүү жолу менен 500 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан муниципалдык менчиктин ижара акысынын суммасын азайтып көрсөтүү фактысы боюнча Маалыматтарды каттоо журналына катталган материалдын алкагында КР УКМК тарабынан кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу аталган уюмдун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитти уюштуруу жана жүргүзүү максатында “Аудит-Финучет” аудитордук компаниясы, жетекчиси Ж.З.А. жана адиси Б.Н.С. менен келишим түзүлгөн.
Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, жогоруда аталган аудиторлор Муниципалдык менчик башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүдө, КР УКМК органдарынын атынан жашырынып, коркутуп-үркүтүп “Олимп групп” ЖЧКнын жетекчиси К.Д.А.дан документациядагы мыйзам бузуулар жөнүндө фактыларды жашыруу үчүн опузалап 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражат талап кылгандыгы тууралуу маалыматтар алынган.
Жогоруда аталган аудиторлордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголуп, аудиторлор тарабынан опузалап талап кылуу жана ортомчу Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери аркылуу акча каражаттарын алуу фактылары аныкталып документтештирилген.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях