$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаранды кармашты.

2023-жылдын 1-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Д.К. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда “Н” атту жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын үч ай аралыгында 2005-жылы туулган К.А. аттуу жашы жете элек небересин сойкулук менен алектенүүгө көмөктөшүп жүргөнүн билдирген.

Аталган факт Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 2 бөлүгүнө(Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, Ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам-кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2000-жылы туулган К.Н. жараны аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях