$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылууга шектүү адам кармалды

2023-жылы 2-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Э.Э. аттуу жаран белгисиз жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби ошол эле күнү кечки саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын Январь көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан, бейтааныш жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, денесине залал келтирген. Андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факт Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган С.А. аттуу шектүү аныкталган, кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Поделиться в социальных сетях