$ ...
€ ...
₽ ...

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушту

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушуу өткөрдү.
Өз кезегинде КР УКМК төрагасы мушкерди дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Мыктыбек Оролбай уулу Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC Fight Night турниринде дебют жасап, Сербиялык мушкер Урос Медичти жеңип алган.

Поделиться в социальных сетях