$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин  ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды

2023-жылдын 29-сентябрында, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге  А.Ш. аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле  күнү болжол менен саат кечки 18:00 чамасында Ош базарынын аймагында 10 миң сом турган “Samsung GalaxyJ6” маркасындагы уюлдук телефононун сырткы кийиминин чөнтөгүнөн жашыруун түрдө уурдап , андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча,  Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- ( Уурдоо ) беренесине ылайык  кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары учурунда Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан “өзүнүн чөйрөсүндө “Малышка” аты менен таанымал болгон 1979-жылы туулган Э.Г. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык  Бишкек ШИИББнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях