$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жарандарды кармашты.

2023-жылдын 4-декабрь куну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Г.А. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда белгисиз адамдардын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын 3-декабрь күнү саат 02:30 чамасында борбор калаанын 3-кичи районунда коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузуп, сөз келишпестиктен денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон жана соттук-медициналык экпертиза дайындалган.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь районунун ИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2003-жылы туулган Ф.А. жана 2004-жылы туулган В.А. жарандары аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Басма-сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях