$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин  ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды

2023-жылдын 6-декабрында, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге М.А. аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле  күнү болжол менен саат түнкү 03:00 чамасында Бишкек шаарынын аймагында
жайгашкан мечиттердин биринин ичинен намаз окуп жатканда ,16 миң сом турган “Huawei” маркасындагы уюлдук телефононун жашыруун түрдө уурдап , андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча,  Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- ( Уурдоо ) беренесине ылайык  кылмыш иши козголгон.

Изи сууй электе Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Т.Д. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык  Бишкек ШИИББнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлерине мурда уурдалган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен кайтарып берген, ал буюм далил зат катары табылган.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях