$ ...
€ ...
₽ ...

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары дайындалды.

  • милициянын полковниги Ахунов Ашырбек Шамшиевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары кызматына дайындалды.
  • милициянын полковниги Увалиев Нургазы Кокунбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын жазык укук кафедрасынын улук окутуучусу кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.
  • милициянын подполковниги Бекташов Эрнист Бекташович Нарын ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына дайындалды.
    Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, ички тартипти чыңдоо, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.
    ИИМдин Басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях