$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык боюнча шектүү кармалды

2023-жылдын 25-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Р.У. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 21:00 чамасында, проспект Чуй менен Б.Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп кара түстөгү сумкасын ачык түрүндө ээлеп алышкан, анын ичинде 150 миң сом өлчөмүндө акча каражаты болгон. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине ( Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган И.М. аттуу шектүү аныкталып,кармалган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата бир айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях