$ ...
€ ...
₽ ...

Ишке орноштуруу шылтоосу менен жарандарды алдап жүргөн  шектүү кармалды

2022-жылдын сентябрынан октябрь айына чейин ар кандай шылтоолор менен ишенимге кирип, жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык акча каражатын, ошондой эле “Мерседес Бенц 210” жана “Ауди С-4” үлгүсүндөгү  унааларды ээлеп алып, изин жашырып кеткен  жаран К.Г.га карата тиешелүү чараларды көрүп берүү өтөнүчү менен жабырлануучу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары, шектүү дагы бир жабырлануучуга жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер менен тыгыз байланышта экендигин айтып, “алтын кенин иштетүүчү компаниялардын бирине жогорку акы төлөнүүчү жумушка орноштурам” деген шылтоо менен  ушул жылдын март айында 140 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган.  Андан соң изин жашырып кеткендиктен, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

 Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун тургуну К.Г. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.   

Азыркы учурда шектүү К.Г. тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактысы аныкталды.  Ал жарандарды алдап, алардан акча каражатын алып, өзүн жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер  менен тыгыз байланышта  экендигин айтып, жумушка орноштурууну убадалап келген. Учурда ал келтирген зыяндын жалпы суммасы такталууда.  

Поделиться в социальных сетях