$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин  ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды 

2023-жылдын 28-октябрында, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге М.А. аттуу жаран, белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында  Арча-Бешик жаңы конушунунда  жайгашкан тигүүчү цехтердин биринен, арыздануучунун баштыгынын (сумка) ичинен 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын жана “Redmi not 10” үлгүсүндөгү уюлдук телефононун жашыруун түрдө уурдап , андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205 ( Уурдоо ) беренесине ылайык  кылмыш иши козголгон. 

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1970 -жылы туулган М.Н. аттуу шектүү жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык  Бишкек ШИИББнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях