$ ...
€ ...
₽ ...

Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ижара акысын арзандатуу боюнча

 Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү улантууда, Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин  төмөндөтүү макулдашылды.
 Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Ысык-Көл облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:
  • “Ак-Тилек плюс” СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;
  • “Ак-Тилек” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече”, “эт азыктары” жана “кургатылган жемиштер” базары), Д.Исаевге катталган;
  • “Бугу” жана “Макиш” СБКсы (Каракол шаарындагы “жашылча базары”, “алтын зер буюмдары” жана “кийим-кече базары”); А.Рыскуловго катталган;
  • “Ак-Тилек+5” СБКсы (Каракол шаарындагы “кийим-кече базары” жана “складдар”); Б.Өскөнбаевге катталган
  • “Ак-Тилек+2” СБКсы (Каракол шаарындагы “азык-түлүк базары”), Т.Сакеевге катталган.
    Ошону менен бирге, Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү үчүн базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу чараларын көрүүдө.

Поделиться в социальных сетях