$ ...
€ ...
₽ ...

Төрага Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Россия Федерациясына иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Алсак, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Поделиться в социальных сетях