$ ...
€ ...
₽ ...

Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери сергек жашоо учун

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин КККнын аймактык милиция кызматкерлери, милициянын лейтенанты Адахан Талантбек уулу жана милициянын кенже лейтенанты Санжар Алмазбек уулу 2023-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөй башташкан. Кичине кезинен бери спорттун активдүү түрлөрүн, волейбол, футбол ойноп, согуш өнөрү менен машыгышат. Алар жогорку окуу жайларында спорттун ар кандай турлөрү боюнча курама командалардын мучөлөру болуп, ар турдуу сыйлыктарга ээ болушкан.

Адахан Талантбек уулу 1997-жылы, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында туулуп, өскөн. 2015-жылы №37 Союзбек Чекиров атындагы орто мектепти аяктаган. Кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, юриспруденция факультетинин 1-курсунун студенти болгон. Андан кийин 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп, 2023-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин РИИБде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү катары кызмат өтөп келет.

Санжар Алмазбек уулу 1997-жылы, Ош облусунун Ноокат районунда туулуп, өскөн. 2015-жылы №37 Бегали Абдиев атындагы орто мектепти аяктаган. Кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, юриспруденция факультетинин 1-курсунун студенти болгон. Андан кийин 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп, 2023-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин РИИБде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү катары кызмат өтөп келет.

Маектин аягында каармандарыбыз жаш атуулдарды өз катарына кошулуп, Кыргызстан элине ак кызмат кылууга чакырды. Мындан тышкары, милиция кызматкери болуу өтө жоопкерчиликтүү экенин кошумчалашты. Бул татаал, сыймыктуу жана кызыктуу кесип. Мунун баары сиздин мамилеңизден көз каранды болот. Болуп жаткан кырдаалдардын бардыгын позитивдүү кабыл алууга аракет кылышат жана ката кетиришсе, андан сабак алууга аракет кылышат. Алар бир жылдан кийин эмне болоорун билишпейт, болжолдоону жактырышпайт. Бирок, азыр алар өздөрун өз ордунда сезишет жана бул аларга албетте жагат.

Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях