$ ...
€ ...
₽ ...

Балыкчы ШИИБдин милициянын участкалык ыйгарым өкүлү көлмөнүн муз астына кирип кетип, чөгүп жаткан эки жаш өспүрүмдү куткарды.

8-январь күнү болжол менен саат 15.25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган.

Балыкчы ШИИБдин участкалык милициянын ыйгарым өкүлү, милициянын улук лейтенанты Амантур Бакиров өзүнүн кесиптештери менен тез арада жардам берүү үчүн окуя болгон жерге жөнөшкөн.

Көлмөнүн үстүндөгү муз ичке болгондуктан, балдар сууда араң карманып турушкан. Милиция кызматкери үстүндөгү формасын чече коюп, муз болгон көлмөгө кирип, балдарды куткарууга аракет кылды.

Куткаруучу каражаттын жардамы менен балдарга сүзүп жетип, аларды жээкке чыгарууга үлгүрдү. Жээкте турган кесиптештери балдарды өздөрүнүн бушлаттарына орошуп, кызматтык автоунаага олтургузуп, жардам көрсөтүштү.

Куткарылган балдар 10 жана 12 жаштагы бир туугандар болуп чыгышты. Алар медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Балдардын ден-соолуктарына коркунуч жок.                                                                      ИИМдин Басма Сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях