$ ...
€ ...
₽ ...

КР УКМК: К.Асанбектин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жараны В.Р.Г.

      Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан К.Асанбек тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында, 2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып В.Р.Г. аттуу КР жараны кармалды жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
      Белгиленгендей, аталган В.Р.Г. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле К.Асанбекке таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.
      Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Поделиться в социальных сетях