$ ...
€ ...
₽ ...

«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү

      КР УКМК маалымдайт, мурда аныкталган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин (Баткен-Комфорт базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаган. Тергөөнүн жүрүшүндө жер участогунун иш жүзүндөгү ээлери аталган (С.Шадиевдин жана М.Шадиевдин) жакын туугандары «БГАТП» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакети (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү.
      Муну менен катар, 2024-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары «БГАТП» ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган, мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 миллион сомго жакын (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт.
      Ошол эле учурда, 2020-жылдан бери республикадан тышкары Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн А.Шадиев, жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган «БГАТП» ЖАКтын калган акцияларына карата, акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
       Кыргыз Республикасынын УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктардын жана туура эмес шарттардын ар кандай фактылар аныкталса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Поделиться в социальных сетях