$ ...
€ ...
₽ ...

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар чыгышты

17-январь  күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 21 куткаруучусу 

Чүй облусунун Аламүдүн  районундагы Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө тартылды. 

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 7 куткаруучусу жана кинолог атайы ит менен, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 1 куткаруучу,  Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун куткаруучусу дрон менен,  Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5, Чүй жана Жайыл райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 жалпы 24  куткаруучу  таңкы саат  07:00дө издөө ишине чыгышты.

Алдын ала маалымат боюнча 2024-жылдын 14-январь күнү, Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1994-ж.т. М.М уулу   аттуу эркек киши дайынсыз болгон.

Издөө ишинин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях