$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкекте баңгизат өндүрүүчү кармалды

Бишкек ШИИББнын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды.

2024-жылдын 10-январында Бишкек ШИИББнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз адам Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү колонияларынын бирине баңги затын өткөрүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1996-жылы туулган М.Э. жараны аныкталып, кармоо учурунда алдын ала өткөрүүгө даярдалган, пакетте оролгон өзгөчө жыты бар кара куурай заты табылган жана алынган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, корутундуга ылайык, алынган заттардын жалпы салмагы 267,3 граммды түзгөн «марихуана» баңги заты (пакети менен) жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Свердлов райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Учурда кылмыш ишинин тергөө амалдары уланып, аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях