$ ...
€ ...
₽ ...

Чет өлкөдөн операция болуп келген 11 жаштагы Дайырбек Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевге ыраазычылык билдирди

2024-жылдын 24-январында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Ташиев К.К. Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Маматкалыев Дайырбек менен кайрадан жолугушту.
Буга чейин химиотерапия курсун аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Дайырбек Индияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Дайырбектин ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында УКМК төрагасы К.Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.
Генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында КР УКМК тарабынан Дайырбекти (жана анын ата-энесин) Фортис клиникасына (Индиянын Нойда шаарында жайгашкан) жөнөтүүгө, кароодон өтүүгө жана операциясын каржылоого көмөктөшкөн.
Ийгиликтүү операциядан кийин, Дайырбек дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң Дайырбектин ата-энесин К.Ташиев кайрадан кабыл алган жана Маматкалыевдин толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамды көрсөтүүгө убадасын берген.
2023-жылдын 28-декабрында Д.Маматкалыев атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин генерал-лейтенант К.К.Ташиевге жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Жыйынтыгында 2024-жылдын 24-январында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Д.Маматкалыевди жана анын атасын кабыл алды. Өз кезегинде Маматкалыевдин үй-бүлөсү генерал-лейтенант К.К.Ташиевге көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Дайырбектин ден соолугу жакшы экендигин кошумчалады. Ал эми Камчыбек Ташиев балага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, келечекте коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктайт деген ишенимин билдирди.

Поделиться в социальных сетях