$ ...
€ ...
₽ ...

Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берген шектүүнү кармады.

Коррупцияга каршы күрөшүү Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн эң актуалдуу багыттарынын бири бойдон калууда. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы мамлекеттик бийликтердеги, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча иш алып барууда.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына караштуу кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларын жана адамдын жүзүн таануу системасын көзөмөлдөө учурунда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны 1985-жылы туулган О.А. кармалган, кылмыш жасоого айыпкер болгон Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 217-берененин 3-бөлүгүнүн 2- пунктуна (финансылык инвестициялык пирамиданы түзүү жана башкаруу) ылайык камакка алуу– оозеки бөгөт коюу чарасы тандалган.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө кармалган чет элдик жаран О.А., 2000-жылы каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу пайдаланып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, аталган жаран Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарынан жашырынып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүп, каттоочу органдын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн кылмышкерди мындан ары мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүшкөн.

Анын үстүнө ал баңги затын сактагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 150 миң сом айыпка жыгылганга жетишкен.

Аталган факт Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренесине (Паспортту мыйзамсыз берүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин кылмыштуу аракеттери аныкталып, 1981-жылы туулган К.А. аттуу жарандын бети ачылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иштерине башка мүмкүн болгон шериктерди аныктоо жана коррупциянын мындай көрүнүштөрүн жок кылуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях