$ ...
€ ...
₽ ...

Депутат Камила Талиева Лейлек районундагы айрым жолдорду тез арада жаңылоо маселесин көтөрдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында аймактагы айрым жолдордун абалы менен таанышты.

Тагыраагы, депутат транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган жергиликтүү жетекчилер менен бирге жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн Арка 2 – Мурас (Маргун) – Жети-Таш (Даркум) жолунан кабар алды. 

Алсак, аталган жол 2022-жылдан бери атайын техникалардын жардамы менен оңдолуп, унаа каттамына ылайыкташтырылып келет. Ошондой эле, Арка 2 – Мурас (Маргун) – Жети-Таш (Даркум) жолундагы Бели-Сынык ашуусуна шагыл төгүп, жолдун деңгээлин ылдыйлатуу иштери жүргүзүлгөн. 

Депутат Камила Талиева жол көйгөйү аймактагы негизги маселелердин бири экенин белгилеп, адам өлүмүнө алып келген авариялык кырдаалдардын алдын алуу үчүн жолду тез арада оңдоо зарыл экенин белгиледи. 

Муну менен катар эл өкүлү иш сапарын Самаркандек-Мадиген-Даркум жолунда улантып, ал жерде жасалып жаткан жумуштардын жүрүшү менен таанышты. Алсак, 45 чакырымга созулган бул унаа жолдун айрым бөлүгүндөгү жол куруу жумуштары 2022-жылга чейин бүткөрүлүп, каттам ачылган. Министр Тилек Текебаевдин айтымында быйыл калган тилкесиндеги иштер уланат.

Жер иштеринин жүрүшү менен таанышкан депутат жолчулар менен да баарлашып, 2024-жылдын планына кирген жумуштарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү талап кылды.

Поделиться в социальных сетях