$ ...
€ ...
₽ ...

МЕКТЕП ОЛИМПИАДАЛАРЫН АКЫ ТӨЛӨӨ НЕГИЗИНДЕ УЮШТУРУУГА ЖАНА ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУ БОЮНЧА БУЙРУК ЧЫКТЫ

Буйрукка ылайык, олимпиадалар КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген жобонун негизинде гана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

Ошондой эле райондук\ шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн\башкармалыктарынын, облустук усулдук билим берүү борборлорунун, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Буйрукту аткарбаган жетекчилер, жеке жоопкерчиликке тартылат.

Поделиться в социальных сетях