$ ...
€ ...
₽ ...

Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» жаңы Мыйзамы күчүнө кирди

Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» жаңы Мыйзамы күчүнө кирди, аталган мыйзамда мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү укуктарын теӊдетилген.  Жеке нотариустарга мамлекеттик нотариустардай эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги кезектердин санын азайтат жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. 

USAIDдин «Жигердүү Жарандар» жана «Укук Булагы» долбоорлорунун колдоосу менен тийиштүү сертификат берүү менен мурастоо иштерин жүргүзүүгө жеке нотариустарга уруксат берүү максатында мурастоо укугу боюнча тренингдер өткөрүлдү. 

Тренингдерде – 107 жеке нотариус катышты, тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн – 71 нотариус, анын жыйынтыгы боюнча мурастоо иштерин ачуу жана жүргүзүү укугу менен сертификат берилди жана «Архив» АМТга кирүү мүмкүнчүлүк берилген.

Ушуга байланыштуу, жарандар мурас иштерин жана мурда мамлекеттик нотариустар тарабынан жүргүзүлгѳн бардык башка нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгѳ ыйгарым укуктуу тѳмѳнкү жеке нотариустарга кайрыла алышат.

Поделиться в социальных сетях