$ ...
€ ...
₽ ...

КР УКМК жана КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте Ош шаардык ИИБнин No25 мекемесине ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы биргеликте Ош шаардык ИИБнин No25 мекемесин пландалган, биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын аймагында тыюу салынган буюмдар аныкталды.
Алсак, 2023-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаардык №25 мекемесинин айрым камераларында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17 даана уюлдук телефондор, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган.
Мурда белгиленгендей, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.
Учурда УКМК тарабынан КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарынын №25 мекемесинин экс-жетекчиси, кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ж.У. жана башка тиешеси бар адамдар иликтентуудө.

Поделиться в социальных сетях